• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстандыктар насыяларды кайсы тармактарга көп колдонууда?

Экономика 0

Бишкек, 30.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Экономиканы насыялоо 6 айдын ичинде 9%га өстү. Мында жарандар керектөө кредиттерин көп алгандыгы байкалды.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, өнөр жай, айыл чарба насыялары 9%га жогорулады. Соода-сатык кредиттери 4,6% өстү, курулуш 13%, ипотека 8,7%га жогорулады, керектөө насыялары 21%га жана башка кредиттер 3,5%га өстү.

Белгиленгендей, банк секторунун жалпы кредиттик портфели жарым жылда 281 млрд сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий