• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстандыктар Россиядан кантип акча жөнөтө алат?

Коом 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан кыргызстандык мигранттар өз Мекенине, үй-бүлөсүнө акча жөнөтүү зарылдыгына туш болот. Мурда бул маселе көптөгөн ыӊгайсыздыктарды жана көйгөйлөрдү пайда кылчу, бирок азыр бардыгына эӊ ылайыктуу жана ушул көйгөйдү чечүүгө мүмкүндүк берген жөнөкөй жана ыӊгайлуу жол бар.

Байгазы Алымбеков – чет өлкөлөрдө иштеген көптөгөн кыргызстандыктардын бири. Үч жыл мурда ал Россиянын борборуна иштегени барган. Башында жеткирүү кызматында иштеген, андан соӊ таксист болуп эмгектене баштайт. Ал 32 жашта жана Бишкекте калган ата-энесине жардам берет. Байгазы ай сайын иштеп тапкан эмгек акысынын бир бөлүгүн үй-бүлөсүн колдоо үчүн жөнөтөт.

«Мен айына орточо 100 -120 миӊрублга чейин акча табам. Тапкан акчамдын үчтөн бирин ата-энеме жөнөтөм. Мен үйдүн улуусумун. Иним студент, Бишкекте окуйт, карындашым мектепке барат. Атама жашоо-шартты оӊдогонго жардам берем», - деп айтып берди кыргызстандык.

Жигиттин айтымында, буга чейин акчасын үйүнө ар түрдүү жолдор менен жөнөтчү жана улам бир ыӊгайсыздыкка туш болчу. Адатта Россиянын банктары Кыргызстанга акча которуу үчүн комиссияны кымбат алат.

Былтыр жайдан тартып Байгазы «Компаньон» мобилдик тиркемесине комиссиясыз жана пайдалуу курстар боюнча акча которууга мүмкүндүк берген «СберБанк Онлайн» мобилдик тиркемесин колдоно баштаган.

«Иштеп тапканымдын бир бөлүгүн чогултам. Акча жыйнап, Бишкекке кайтып барып, чакан иш ачууну ойлоп жатам. Кээде топтогон акчамды ата-энеме салып турам. Алар акчаны КомпаньонБанктын картасынан Кыргызстандын бардык банкоматтарынан же Компаньон Банктын кассаларынан, ошондой эле республика боюнча 2000 ашыкбанкагенттеринен накталай ала алышат», - деп түшүндүрдү Байгазы Алымбеков.

Алуучуга акчаошол замат келип түшөт. Аларды телефон номер аркылуу да которуугаболот, бул татаал сандык комбинацияларды улам жазуу зарылдыгынан куткарат.Ал акча курс боюнча сомго дарооконвертация болот, жөнөтүүчүакча которууда аны«Сбербанк Онлайн» тиркемесинен көрүп турат. Ошол сыяктуу эле СберБанк төлөм карталарын «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстандан дагы толуктоого болот.

«Компаньон» мобилдик тиркемесин Google Play же AppStore аркылуу көчүрүп алгыла жана ыӊгайлуу сервистерди колдонгула. Россиядан Кыргызстанга акча жөнөткүлө жана эл аралык которуулардын башка артыкчылыктарын пайдалангыла!

Азыр Компаньон Банк бардык кардарлар үчүн «Компаньондон 2 миллион» акциясын өткөрүүдө. Анда 1 миллион сомду рефералдык шилтеме менен эӊ көп жаӊы колдонуучу чакырган жеӊүүчү алат. Ал эми «Компаньон» тиркемесинде аткарылган операциялардын эӊ көп саны үчүн 1 миллион сомдук байге экинчи жеӊүүчүгө ыйгарылат. Которуулар канча көп болсо, утуу мүмкүнчүлүгү ошончо жогорулайт! Акциянын шарттары жөнүндө толугураак Компаньон Банктын www.kompanion.kg расмий сайтынан биле аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий