• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстандыктар Түркия элчилигинин алдына гүл алып келишүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Кыргызстандыктар Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдына гүл алып келип, жер титирөөдө каза болгондорду эскерүүдө.

Ошондой эле жарандар дипөкүлчүлүктө ачылган жардамдарды кабыл алуу пунктуна гуманитардык жардам тапшырууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий