Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. 19-26-январь аралыгында Кыргызстандын 10 районунун мамлекеттик администрация башчылары – акимдери Түркияда бир жумалык окууга барышат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окутуу эки өлкөнүн президенттеринин Бишкекте болгон жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын алкагында уюштурулуп жатат.
Аталган макулдашуунун негизинде агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Түркиянын президентинин аппаратынын Адам ресурстары боюнча кеңсесинин жетекчиси Салим Атай менен тыгыз кызматташтыкты жүргүзүүдө. Анын натыйжасында Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдары үчүн бир катар билим берүү жана тажрыйба алмашуу программалары ишке ашырылууда.
Түркиядагы окуу программасы мамлекеттик жана жеке секторду башкаруу боюнча заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө, айыл чарба тармагын заман талабына ылайык өнүктүрүүгө жана трансформациялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Сабактарда эл аралык тажрыйбаны изилдөө, аймактарды өнүктүрүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу, ошондой эле социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча теориялык жана практикалык билимдер берилет.
Тизме:
1. Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич – Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
2. Имаров Алгынбай Торалиевич – Талас облусунун Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
3. Бапаев Чынгыз Арстанбекович – Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
4. Абдыкадыров Эмилбек Ысагулович – Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
5. Баяке уулу Болоткан – Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
6. Осмонов Бактыбек Арапбаевич – Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
7. Ниязбек Эгемкулович – Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы.
8. Жыргалбек Тургунбекович – Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы.
9. Кубатбек уулу Азат – Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.
10. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
Окуу Түркиянын министрликтеринде жана мамлекеттик органдары менен биргеликте уюштурулуп, аймактык башкаруу тармагындагы мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, катышуучулар Түркиянын ийгиликтүү долбоорлорунун үлгүлөрү менен таанышып, бул ыкмаларды Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Ошондой эле баардык каржылоону Түркия мамлеккетти өз карамагына алган.
Бул иш-чара Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлеринин компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жаатында маанилүү кадам болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий