• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Кыргызстандын 650 миңден ашуун жараны сыртта миграцияда жүрөт

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 650 миңден ашуун жараны сыртта миграцияда жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын басымдуу бөлүгү Россиянын аймагында миграцияда жүргөндөр.

“Бүгүнкү күндө мигранттардын 350 миңге жакыны Россиянын аймагында. Буга чейин бул сан кескин жогору болчу. Азыр бул сан күндөн-күнгө кыскарууда. Мигранттардын кайтып келишине 3-4 фактор түрткү болууда. Эң биринчи эле бул, Россиядагы акыркы окуялар, рубль курсунун түшүүсүнө байланыштуу ал жакта биздин жарандардын саны азаюуда. Ошондой эле “Крокус Сити холлдогу” кырсыктан кийин Россиянын жаңы мыйзамдары күчүнө кирип, катаалдашып жатат. Ушундай бир нече себептердин таасиринен улам жарандарыбыз өлкөгө кайтып келип жатат десек болот. Мындан сырткары, биздин өзүбүздүн экономикабыз өскөндөн бери, өлкөбүздө жумуш орундары дагы түзүлүп жаткандыгына байланыштуу”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий