• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 65 жыл болду

Коом 0

Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгү Аскердик авиация күнүн жана анын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгын белгиледи.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, салтанатту иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Артур Темиров, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгы, 23565 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, авиация ардагерлери, аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана Бишкек шаарынын мектеп окуучулары катышты.

Темиров салтанаттуу жыйында сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоодо 23565 аскер бөлүгүнүн, жалпысынан Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн өзгөчө ролун белгиледи.

Салтанаттуу жыйын 23565 аскер бөлүгүнүн өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына Коргоо министрлигинин жетекчилигинин, ошондой эле Абадан коргонуу күчтөрүнүн колбашчысынын атынан ведомстволук медалдарды, грамоталарды жана баалуу белектерди тапшыруу жана майрамдык концерт менен аяктады.

Андан соң өздүк курам, чакырылган коноктор бөлүктүн аймагына барышып, авиациялык техниканын үлгүлөрүн көрүшүп, Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн музейинин архивдик композициялары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле Ми-8 МТВ жана Ми-17ВМ тик учактарынынын көрсөтмө учууларына күбө болушту.

Пикир

Оставить комментарий