• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү ооруканалар күнү-түнү иштешет

Коом 0

Бишкек, 02.08.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө ооруканалар күнү-түнү иштешет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюму башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, жайында туристтик сезон учурунда министрлик тарабынан бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

“Биз Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин потенциалын күчөтүүгө аракет кылып жатабыз. Мисалы, Чолпон-Атада 8 бригада күнү-түнү иштейт. Тамчы айылында күчөтүлгөн режимде иштеген 2 пост бар”, - деди медицина кызматкери.

Ал бардык аймактык ооруканалар керектүү техника жана дары каражаттары менен жабдылганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий