• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстандын аймагында бир жумада 18 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 28-августта 3-сентябрга чейинки аралыкта 17 миң 749 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу -191;
- мас абалында автоунаа башкаруу - 164;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 31;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 625;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2 679;
- автоээнбаштык - 4;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 216;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 9 140.

Андан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 98 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий