• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кара-Суу районунда турак үйдөн өрт чыгып, 5 бөлүм тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кашкар-Кыштак айылынын Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 2:02ден тарта 5 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт саат 2:59да чектөөгө алынып, саат 08:38де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Эскерте кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий