Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-9-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Пикир
Оставить комментарий