Кыргызстандын аймактарында жолдорду оңдоо-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында асфальт төшөө менен катар аң-чөнөктөрдү жамоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иштер эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдордун планга киргизилген тилкелеринде жүрүүдө.

Облустар боюнча алганда төмөнкүдөй аралыктар оңдолду:

  • Чүй облусу — 23 миң 795,5 м2;
  • Нарын облусу — 1 миң 356 км м2;
  • Талас облусу — 9 миң 704 м2;
  • Ысык-Көл облусу — 4 миң 228,4 м2;
  • Ош облусу — 13 миң 182 м2;
  • Жалал-Абад облусу — 11 миң 433 м2;
  • Баткен облусу — 4 миң 269 м2.

Маалыматта белгиленгендей, жети дубан жолдорунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, талапка ылайык келтирүү иштери министр Тилек Текебаевдин жеке көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий