• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандын Алай музыкалуу драма театры Өзбекстандын театрлары менен кызматташат

Маданият 0

Ташкент, 15.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргыз Республикасынын Токтогул Аживаев атындагы Алай музыкалуу драма театры менен Өзбекстандын үч театры менен эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине берген чакан маегинде Алай музыкалуу драма театрынын директору – КР Эл артисти Алымкул Исаков билдирди.

Анын айтымында, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан Кыргызстандын улуттук адабият күнү жана КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чаранын алкагында Алай театрынын жамааты 10 декабрдан баштап Өзбекстанда гастролдо.

«Сапар алкагында Ташкент шаарындагы жаш көрөрмандар театры жана бүгүн биз спектакль койгон, легендардуу өзбек артисти Аброр Хидоятов атындагы драма театры, ошондой эле Бухара драма театрлары менен эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимге кол койдук», – деди ал.

Документ кызматташтыктын кенен багыттарын, тактап айтканда, өз ара тажрыйба алмашуу, кесиптик адистикти өркүндөтүү, кадрларды даярдоо, гастролдор менен алмашуу жана башкаларды камтыган.

«Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын май айында Өзбекстанга жасаган сапары мезгилинде эки коңшу мамлекеттин, эки боордош элдин достугун мындан ары да өркүндөтүүгө өтө чоң жолдорду ача турган документтерге кол коюлган. Биздин зыяратыбыз ушул тарыхый мааниге ээ болгон келишимдердин алкагында болуп, кыргыз-өзбек достугунун бекемделишине кошкон салымымбыз болду. Боордош кыргыз менен озбек эли кадимден коюн-колтук алышып, ынтымакта жашап келишкен, кылымдарды карыткан достугубуз мындан ары да өсүп-өркүндөй берсин», – деп белгиледи Исаков.

Мурда маалымдагандай, Токтогул Аживаев атындагы Алай музыкалуу драма театрынын жамааты 10-декабрда Фергана музыкалык драма театрында, ал эми 12-декабрь улуу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Ташкент шаарындага Аброр Хидоятов атындагы драма театрында залкар жазуучунун "Көк жээгим менин" аттуу спектаклин өзбекстандык көрөрмандарга тартуулады.

Инсценировканын автору Искендер Рыскулов, чыгарма КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, режиссёр Жумабек Осмонов тарабынан коюлган.

Негизги ролдор Б.Бейшеналиев атындагы республикалык театр сыйлыгынын лауреаты Жылдызбек Тургунбаев, С. Жумадылов атындагы республикалык театр сыйлыгынын лауреаты Эрлан Илязов, артисттер Темирлан Аданбаев, Айнура Шергазиева жана Чынарбек Осмонов тарабынан аткарылды.

Спектакль өзбек көрөрмандарынын купулуна толуп, чыгарма аларда чоң таасир калтырды. Тамашаны аткарган ар бир артист өз образы аркылуу көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, аларда жылуу маанай тартуулады.

Ферганада жана Ташкентте өткөн тамашанын соңунда театр жамааты Өзбекстандын Маданият министрлиги тарабынан баалуу эстелик белектери менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий