• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстандын Алай музыкалык-драма театры Өзбекстанда гастролдо болот

Маданият 0

Ташкент, 09.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театры үстүбүздөгү жылдын 10-13-декабрь күндөрү чыгармачылык сапары менен Өзбекстанда болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине театрдын директору – КР Эл артисти Алымкул Исаков билдирди.

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун демөөрчүлүгүндө уюштурулуп жаткан сапар учурунда театр жамааты тарабынан 10-декабрда Фергана музыкалык драма театрында концерт коюу каралган.

Ал эми, 12-декабрь күнү кыргызстандык маданият чеберлери залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Ташкент шаарындага Аброр Хидоятов атындагы драма театрында улуу жазуучунун "Көк жээгим менин" аттуу спектаклин өзбекстандык көрөрмандарга тартуулайт.

Инсценировканын автору Искендер Рыскулов, чыгарма КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, режиссёр Жумабек Осмонов тарабынан коюлган.

Негизги ролдор Б.Бейшеналиев атындагы республикалык театр сыйлыгынын лауреаты Жылдызбек Тургунбаев, С. Жумадылов атындагы республикалык театр сыйлыгынын лауреаты Эрлан Илязов, артисттер Темирлан Аданбаев, Айнура Шергазиева жана Чынарбек Осмонов тарабынан аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий