• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстандын армиясынын коргонуу мүмкүнчүлүктөрү чыңдалууда – саясат таануучу

Коом 0

Бишкек, 30.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандын армиясынын коргонуу мүмкүнчүлүктөрү чыңдалууда. Бул тууралуу саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Конституциянын талабынын бири – мамлекетти коргоо саясаты, демек бул талапты аткаруу үчүн Куралдуу күчтөргө жаңы курал-жарактар, аскердик жабдуулар толук алынышы керек. Бул багыттан алганда мамлекет армиясынын коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурууда.

“Эң негизгиси Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы бийик деңгээлде даярдык көрүш керек. Азыр күн-түн дебей аскер курамы даярдыктан өтүп жатат. Акыркы эки-үч жылда аскердик даярдык талаптагыдай деңгээлге чыга алды. Муну биздин аскердик курамдар эл аралык машыгууларда, мелдештерге катышып мамлекеттердин ичинен алдыга чыгышканы далил. Бүгүнкү күндө Куралдуу күчтөрдүн колунда зарыл болгон атайын техникалар толугу менен бар. Алардын даярдыгы мамлекеттин аймагынын бүтүндүгү менен кол тийбестигин коргоого туруштук бере алат”, - деп белгиледи Какчекеев.

Ошондой эле саясат таануучу акыркы 2-3 жылдын ичинде Кыргызстанда жаңы аскердик техникалар да чыгарыла баштаганын айтып өттү.

“Учурда зооттолгон унаалар, снайпердик мылтык, дрондор, амунициялар жана башка керектүү жабдуулар чыгарылат. Жалпылап айтканда, президенттин көзөмөлүндө турган бул жаңылануулар азыркы дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн шарттарына дал келет. Мындан улам биздин Куралдуу күчтөр өзүнө жүктөлгөн милдетин так аткарып жатат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, акыркы үч жылда мамлекет коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл буруп, акча каражатын жумшады. Анда Куралдуу күчтөргө аскердик техникалар, ок-дары, курал-жарак жана башкалар алынган.

Пикир

Оставить комментарий