• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кыргызстандын балык экспортун 50 миң тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар

Экономика 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын 105 миң тонна балык өндүрүп, экспорттун көлөмүн 50 миң тоннага жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы балыкты кайра иштетүүчү ишканалардын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарада министр балык чарбаларынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

"Айыл чарба тармагында дагы дыйкан-фермерлерге үлгү боло тургандар чыгышы керек. Алар өздөрүнүн тажырыйбасы, билими, каражаты менен артынан карапайым элди ээрчитип, көмөк көрсөтүп, жарандарыбыздын байышына өбөлгө болугуу тийиш. Биз ошондуктан кайра иштетүү өнөр жайын ар дайым колдойбуз. Мына бүгүнкү күндө 30 миң тонна балык өндүрүлсө, 5 миң тонна гана экспортко чыгып жатат. Бизде 105 миң тонна өндүрүүгө шарт бар. Ошондо экспорттун көлөмүн 50 миң тоннага жеткирсе болот", - деген ал учурда кайра иштетүү өнөр жайларын куруп, өркүндөтүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын айтты.

Белгиленгендей, Аламүдүн районунун Ленин айылындагы "Салих ЛТД" ЖЧКсы куруп жаткан балыкты кайра иштетүүчү ишкана 3 миң тоннага чейин балыкты кайра иштетүү жана 8 тоннага чейин кара осетр балыктарынын икрасын чыгарууга жөндөмдүү. Долбооорго 4 млн 387 миң 460 доллар сарпталат.

Компания 2023-жылдын 12-июнунда балык тоюттарынын жаңы өндүрүшүн ишке киргизген. Тоют даярдоочу линиянын кубаттуулугу жылына даяр 5000 тонна продукция өндүрөт. Андан кийин ишкана өткөн жылдын 15-сентябрында селекциялык-өндүрүштүк балык чарбасын ишке киргизген. Бул балык чарбасы осетр балыктарын өстүрүү, инкубациялоо жана жегенге жарамдуу икра өндүрүү менен алектенет. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 250 тонна товардык балыкты түзөт. Ошондой эле Константиновка айылында суу аянты 4,3 га форель балык чарбасы ишке киргизилген. Балык чарбасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 800 тонна балык товарын түзөт.

Ал эми "Вилби" ишканасы Сокулук районунун Ак-Жол айылында 134 млн 250 миң сомго балык жана балык продуктыларын кайра иштетүү цехин курууда. Цех ишке кирсе 45 жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Жылдык өндүрүмдүүлүк:

  • муздатылган форель - 1000 тонна;
  • тоңдурулган форель - 1000 тонна;
  • ышталган балык өнүмдөрү - 800 тонна;
  • кургатылган балык өнүмдөрү - 400 тонна;
  • жеңил туздалган балык азыктары - 1000 тонна;
  • гидробионттордун консервалары - 1 000 000 даана.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык, Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн алкагында кайра иштетүү өнөр жайларын курууга өзгөчө басым жасалып, 100 долбоордун алкагында 96 долбоор ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий