Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Голландиялык фотограф Алберт Дрос (Albert Dros) өзү тартып алган Кыргызстандын кереметтүү белгисиз каньондорунун сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады.
Кадрлардын көбү Ысык-Көлдүн көлүнүн түштүк жээгинде жана Караколдо тартылган. Ал жерлердин көпчүлүгүнүн расмий аты жок.
Дрос Кыргызстанда 6 күн жүрүп, Ысык-Көлдүн түштүк тарабын изилдеген.
Алберт Дростун айтымында, аны менен кошо CNN Travel телеканалынын командасы жүргөн. Алар каньондор тууралуу чакан кинотасма тартышкан.
Пикир
Оставить комментарий