• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстандын делегациясы ЕККУнун Министрлер кеңешинин отурумуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. 5-6-декабрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Мальтада өткөн ЕККУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 31-отурумуна катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Асеин Исаев ЕККУнун министрлер кеңешинин пленардык жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктерин бекемдөө, экономиканын туруктуу өнүгүүсүн жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө катышуучуларга маалымат берди.

Ошону менен бирге ЕККУ конструктивдүү мамиле жасоого жана кызматташтык менен коопсуздуктун бардык негизги маселелери боюнча зарыл консенсуска жетишүүгө жөндөмдүү аймактык платформа экендиги белгиленди.

Бул контексттен алганда Кыргызстан эл аралык укуктун эгемендик теңчилик, аймактык бүтүндүк, мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө сыяктуу негизги принциптерин сактоо менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу гана конфликттерди жөнгө салууну ар дайым жактайт.

Асеин Исаев ЕККУнун башкы катчысынын милдеттерин убактылуу аткаруучу, Конфликттердин алдын алуу борборунун директору К.Фирон менен жолугушуу учурунда кыргыз тарабы ЕККУнун бардык үч өлчөмү боюнча ишине толук жана активдүү катышууга даяр экендигин ырастады. Борбор Азиядагы аймактык жана аймактар​​ аралык кызматташуу боюнча ЕККУнун ишмердүүлүгүн күчөтүүгө уюмдун катчылыгы менен институттарын чакырды.

Ошондой эле Исаев ЕККУ Министрлер кеңешинин аянтчасында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү максатында чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, Чехиянын тышкы иштер министри Я.Липавски (Jan Lipavský), Норвегиянын тышкы иштер министри Э.Б.Эйде (Espen Barth Eide), Словакиянын тышкы иштер министри Ю.Бланар (Juraj Blanar), Испаниянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы Д.М.Белио (Diego Martinez Belio), Андорранын тышкы иштер министри И.Т.Фаус (Imma Tor Faus), ошондой эле Канада, Франция, Финляндия, Швеция жана Нидерланддардын делегацияларынын башчылары менен жолукту.

ЕККУ Министрлер кеңешинин тышкы иштер министрлеринин отурумунун жыйынтыгында дайындоо боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

  • ЕККУнун башкы катчысы кызматына – Феридун Синирлиоглу - Feridun Sinirlioğlu (Түркия);
  • ДИАУБ (БДИПЧ) директору кызматына – Мария Телалиан - Maria Telalian (Греция);
  • Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссар кызматына – Кристоф Камп - Christophe Kamp (Нидерланддар);
  • ЖМК эркиндиги боюнча өкүл кызматына – Ян Брату - Jan Braathu (Норвегия).

ЕККУга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги отуруму 2025-жылдын 4-5-декабрында Вена шаарында Финляндиянын төрагалыгы астында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий