Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 19.05.24./Кабар/. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы эркектер жана кыз-келиндер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында 19-24-май күндөрү өтө турчу мелдешке 109 өлкөдөн келген 675 спортчу (355 эркектер жана 320 кыз-келиндер) катышары күтүлүүдө. Жалпы 15 медаль топтому ойнотулат.

Курама команданын тизмеси:

Эркектер:

-Кубанычбек Айбек уулу (66 кг);
-Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг);
-Асад Масабиров (81 кг);
-Эрлан Шеров (90 кг).

Кыз-келиндер

Адина Көчкөнбаева (63 кг).

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча 37-дүйнө чемпионаты Абу-Даби шаарынын “Мудабала Арена” спорттук залында өтөт. Жалпы байге фонду 1 млн евро.

Пикир

Оставить комментарий