• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы. Лондондо футболдук турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. 8-сентябрда Лондон шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун негизделишинин 100 жылдыгына арналган футболдук турнир болуп өттү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада Лондон, Бирмингем, Лидс, Кембридж жана Уулу Британиянын башка шаарларында жашаган кыргыз жарандарынан жана кыргыз диаспорсыанын мүчөлөрүнөн турган 11 футболдук команда катышты.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын Уулу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгындагы элчиси Улан Жусупов катышуучуларды жана конокторду Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы менен куттуктап, бул майрамдын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишүү жана бекемдөө үчүн калыптануунун жана туруктуу өнүгүүнүн узак жолун өткөндүгүн айтты. Бүгүнкү күндө мамлекет модернизация жана өнүгүп-өсүү жолун жолдоп, азыркы учурда зор ийгиликтерди жаратканын билдирди.

Элчи Кыргызстанда инфратүзүм активдүү түрдө жаңыланып, транспорт жана энергетика чөйрөлөрүндө ири долбоорлор ишке ашырылып, экономика туруктуу өсүүнү көргөзүп турганын белгиледи. Ошону менен бирге, жарандардын жашоосунун сапатынын жогорулатууга өбөлгө түзгөн билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө да көңүл бурулгандыгын айтты. Мамлекетте болуп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөр өлкөнүн узак мөөнөттүү гүлдөп-өсүүсүнө терең өбөлгө түзүп, эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор үчүн Кыргызстан жагымдуу багыт болуп жатканы белгиленди.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин турнирдин конокторуна кыргыз улуттук тамак-аштары сунушталып, ошондой эле кыргыздын ыр-күүлөрү жана улуттук мелдештер тартууланды. Аталган иш-чара спорттук мүнөздө өткөрүлбөстөн, Улуу Британияда мекендештердин ортосунда байланыштарды бекемдөөгө жана кабыл алуучу өлкөдө кыргыз маданиятын илгерилетүүгө арналды.

Лондондогу турнир чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын ынтымагынын, ошондой эле улуттук каада-салттарды сактоого жана кыргыз достук байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрү менен бирге, спорт жана маданият элди бириктиргенин жаркын үлгүсү болду.

Пикир

Оставить комментарий