Бул жумада Кыргызстандын Өкмөтүндө 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик жаңы программа сунушталды. Ал республиканын жерлерин 51 миң гектарга суу менен камсыз болуусун шарттайт. Өлкө үчүн айыл чарба тармагы бардык көрсөткүчтөрү боюнча кыйла маанилүү болуп бара жатат.
Расмий маалыматтар боюнча бул программанын максаты – айыл тургундарын айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн сугат жерлери менен камсыздоо болуп саналат.
Программа 59 млрд сом бөлүнгөндө кошумча 65,5 миң га сугат жерин иштетүүгө шарт түзөт. Мында суу менен камсыздалышы 51 миң гектарга көбөйүп, 9,5 га жер машина менен сугаруудан өз алдынча сугарылууга өтөт. Бул жерлердин мелиорациялык абалын жакшыртат.
Ушул жумада темир жол унаасында жүк ташуу өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 13% өскөнү айтылды. Жүк ташуунун өсүшүнө Кыргызстанга жүктөрдүн келишинин көбөйүшү түрткү болгон. Бул жүк ташуулар 225 миң тоннага көбөйгөндүгүн билдирет.
Бул аптада майда “Түндүкэлектр” бөлүштүргүч түйүнүнө 322,3 млн кВт/с электр энергиясы келип түшкөнү, бул өткөн жылдан 620,7 миң кВт/с көп экендиги маалымдалды.
2017-жылдын алгачкы беш айында аталган компаниянын товардык продукциясы 393,2 млн сомду түзгөн, ошону менен бирге 559,7 млн сом (142,3%) чогултулган.
Кыргызстан жана Улуу Британия кош салыктуулукка жол бербөө боюнча келишимге кол коюшту. Макулдашууга КР экономика министри Арзыбек Кожошев жана Бириккен Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын элчиси Робин Орд-Смит Бишкекте кол коюшту.
Макулдашууда КР экономикасына түз чет элдик инвестицияларды тартуу да каралган. Анткени чет элдик фирмалар салыкты бир эле өлкөдө төлөй тургандыктарын билип, өлкөгө инвестиция сала алышат.
2017-жылдын январь-майында КР Салык кызматы 27,8 млрд сом салык жана төлөмдөрдү чогулткан. Белгиленген план 66,5 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 2,6 млрд сомго көбөйгөн.
Ушул жумада Казакстан Парламентинин Мажилиси “Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы темир жол унааларынын кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде баа саясатын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жактырды. Макулдашууга ылайык, казак-кыргыз керектөөчүлөрүнүн темир жол унаа кызматтары менен камсыздалышы тең укуктарда ишке ашырылат. Макулдашуунун натыйжасында, эки өлкөнүн ортосунда жүк ташуулардын көлөмү 14%га өскөн.
Казакстан Парламентинин Мажилиси өз ара байланышы бар эки мыйзамды жактырды. Аларга ылайык, Кыргызстанга бажы өткөрмө пункттарын жакшыртуу жана жабдуу үчүн каражаттар берилет. Акча Кыргызстандын ЕАЭБ шарттарына ыңгайлашуусу үчүн бөлүнөт.
Анын ичинде, Мажилис Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосунда техникалык аракеттешүү жана бул протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколду ратификациялоону колдоду.
Транштын суммасы 7,5 млн долларды түзөт. Жардам эки түрдө 7 млн доллар акча түрүндө жана 0,5 млн доллар окутуу кызматтары аркылуу берилет.
Кыргызстан ири гидро потенциалга ээ болуу менен май айында чакан ГЭСтердин курулушуна тендер жарыялаган. Бул жумада Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тендердин биринчи баскычын – чакан ГЭСтерди курууга катышууну каалаган инвесторлордун пакеттерин ачууну баштады. Алты компаниядан 6 билдирме түштү. Эми комиссия пакетте документтердин толуктугун жана тендердин талаптарына дал келүүсүн текшерет.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин жакшыруусу кеңири тармактарга жайылууда. Бул жумада Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков жана Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү боюнча Мамкомитетинин төрагасы Анвар Шарапов туризм тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташууларынын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Көңүл чордонунда тараптардын өз ара аракеттешүүлөрү маселеси болду. Анын ичинде, аралаш туристтик турларды жайылтуу, эки өлкөнүн туристтик мүмкүндүктөрүн биргелешип жарнамалоо, «Ташкент-Тамчы-Ташкент» авиакаттамын ачуу, «Ташкент-Балыкчы-Ташкент» темир жол каттамын жандандыруу каралды.
Бул жумада “Кыргызалтын” ААК, «Систем Мюхендислик» жана “Энтес” түрк компанияларынын ортосундагы соттук териштирүүлөр дээрлик аягына чыкты. Канаданын Жогорку Соту талашта кыргызстандык тарап, тактап айтканда “Кыргызалтын” ААКнын позициясы туура деген чечимге келди. Белгилүү болгондой, 2011-жылы «Систем Мюхендислик» түрк компаниясы Канада сотуна Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасына байланыштуу иш боюнча арбитраждык соттун чечиминин негизинде “Кыргызалтын” ААКнын Centerra Gold компаниясындагы акцияларын төлөтүп алуу тууралуу кайрылган. 2017-жылдын 15-июнунда Канаданын Жогорку Соту доочулардын аппеляциясын канааттандыруудан баш тартуу чечимин чыгарды. Буга чейин Онтарионун Аппеляциялык соту “Кыргызалтын” ААКнын акциялары анын гана активдери жана Кыргызстанга доосу бар тараптар аркылуу конфискацияланбай тургандыгын бекиткен.
Ошондо сот Кыргызстанга каршы арбитраждык соттун “Онтарио провинциясындагы “Кыргызалтын” ААК” активдеринин эсебинен жалпы суммасы 165 млн доллардык төрт чечимди ишке киргизүүдөн баш тарткан. Мындан кийин 12 млн долларга жакын каражат бошотулуп, мындан аркы доо кооптонуулары болбойт.
Бул аптада ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясынын натыйжасында 2017-жылы 600 млн сом тартууга болот. “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын маалыматы боюнча, учурда КР Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасына ылайык, 1237 адам жалпы суммасы 1,5 млрд сомго ипотекалык насыя алган.
Ипотекалык каржылоонун негизги булагы 310 млн сом өлчөмүндөгү МИК капиталы болуп саналат. МИК жана КР Каржы министрлигинин ортосундагы карыздык милдеттеме тууралуу келишимге ылайык, МИК ипотекалык насыя алууга 1,35 млрд сом алган.
«Кабар» МАБ,
18-июнь 2017-жыл
Пикир
Оставить комментарий