Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 28.01-02.02.2019

Аналитика 0

Функцияларын аныктап алышты. 2019-жылдын 15-январынан тартып мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өттү.

Өткөрүлүп берилген функциялардын жана ыйгарым укуктардын алкагында салык органдары төмөнкүлөрдү ишке ашырышат:

-мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, эсепке алуу;

-камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо;

-мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу.

Көмүскө жок. Кыргызстанда көмүскө экономика жок, - деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алтынбек Торубаев.

Ал билдиргендей, Кытайдан келген көмүскө импорт тууралуу айтылып жаткан кептер эскирип калган тема.

“Биз бажы кызматы катары маалыматтарды кылат текшерип чыгууга кызыктарбыз. Кытай тарап ички мамлекеттик мыйзамдарына таянып, бизге маалымат бербей жатат. Мындай көйгөй биздеэле эмес, башка өлкөлөрдө да бар”, - деп түшүндүрдү ал.

Ал кошумчалагандай, экспорттолуп жана импорттолуп жаткан товарлардын баасы боюнча да айырмалар бар.

Пайызы төмөндөдү. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жалпысынан 4,2 млрд.сомго 3,8 миң ипотекалык кредиттер берилген.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдиргендей, бул каражаттарга 210 миң чарчы метр турак жай сатылып алынган.


“Үй менен Кыргызстандын 14 миңден ашык жарандары камсыз болгон. МИК 7-9 жылдык пайыз менен ипотекалык насыяларды берип жатат. 6-8 пайызга кыскартуу 2019-жылдын 4-кварталына пландалууда”, - деп кабарлады Шамкеев.

Аны менен катар 3,8 миң адамдын ичинен экөө гана иИпотекалык кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн.

“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын катышуучулары үчүн ипотекалык кредитти мөөнөтүнөн эрте төлөө үчүн эч кандай кошумча төлөмдөр каралган эмес.

“Ипотеканы бөлүп-бөлүп же берилген мөөнөтүнөн эрте төлөөгө болот. Кредит алган адамдар эрте төлөгөндүгү үчүн кошумча комиссияларды төлөбөйт. Мындай учурда кредиттин негизги суммасы жана пайыздардын суммасы төмөндөйт”, - дейт Шамкеев.

Өзбекстан менен болгон товар жүгүртүү. 2018-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 189,6%га өсүп, 481 млн. долларды түзгөн.

ӨРнын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдиргендей, экспорт 348,2 млн. долларды, импорт 132,8 млн. долларды түзгөн.

"Биздин республиканын тышкы соода жүгүртүүсүндө Кыргызстандын үлүшү 1,4%ды түзөт. Кыргызстан Өзбекстандын соода жүгүртүүсүндө ири үлүшү бар 20 өлкөнүн катарына кирет: экспорт боюнча 6-орунда, импорт боюнча 20-орунда", - деди ал.

Аны менен катар Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен ишканалардын санын көбөйтүү ниетинде.

“Кыргызстанга жакында эле “Узбеккөмүрдөн” атайын делегаттар келген. Машина куруу станциясын түзүү пландалууда. Кыргызстан менен Өзбекстаныдын аймагында жайгашкан башта дагы кооперативдердин түрүн караштырып жатабыз”, - деп билдирди элчи.

Ал кошумчалагандай, товарларды үчүнчү өлкөлөргө экспортто үчүн КР менен ӨРнын чек арасында Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин катышуусунда атайын логистикалык борбор түзүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди.

“Кыргызстанда ПСЖ+ макамы бар экендигин жана “Жашыл коридор”, ЕАЭБге мүчө экендигин эске алганда бул кызматташуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк”, - деп кошумчалады Рашидов.

Салык терминдери кыргыз тилинде. Мамлекеттик салык кызматы алгачкы жолу Салык терминдеринин орусча-кыргызча/кыргызча-орусча сөздүгүн даярдап, чыгарды.

Сөздүк мезгил талабына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында даярдалды.

Терминологиялык басылма салык кызматынын ишмердигине тийиштүү 3000ге жакын сөздү, сөз айкаштарын жана алардын маанилерин ичине камтып, эки бөлүмдөн турат: биринчи бөлүмдө орус тилинен кыргыз тилине которулган, экинчисинде – кыргыз тилинен орус тилине которулган терминдер камтылды.

Табигый таза азыктар дүкөнү. Бишкекте Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде "Айыл азыгы" экологиялык таза азыктардын дүкөнү ачылды. Ал азыктарды кары адамдар жасашат.


"Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмеси билдиргендей, дүкөндө колго жасалган оокат-аш менен туздалган азыктарды сатып алууга болот.

Ошондой эле жакын арада дүкөндө чоң апалар жасаган үй кесмеси сатыла баштайт.

Тоскоолдуктарды талкуулашты. Стамбул шаарында өткөн жумада КР экономика министри Олег Панкратов башында турган кыргыз делегаттары Түркиянын экспортерлор Ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыскача презентация жасашып,эки жактуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашкан.

Түрк Ассоциациясынын өкүлдөрү жеңил өнөр-жай, дары-дармек жана медициналык, булгаары буюмдары боюнча маалымат беришти. Андан тышкары Ассоциация менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү боюнча да маалыматтар айтылган. Аны менен катар тараптар 2018-жылдын сентябрь айында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына жеткирүү боюнча тапшырма коюлгандыгын эске салышты.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий