• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстандын элчиси Астанада студенттерге лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Максут Нарикбаев университетинин (мурдагы М.С.Нарикбаев атындагы Казак гуманитардык юридикалык университети) эл аралык мамилелер жана дипломатия факультетинин студенттерине кыргыз-казак мамилелери темасында лекция окуду

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, лекциянын жүрүшүндө Дастан Дюшекеев ЖОЖдун “Колдонмо дипломатия” темасындагы лекциялар циклинин алкагында Кыргызстандын Казакстан менен эки тараптуу мамилелерине кеңири токтолуп, дипломатиялык чөйрөдөгү жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Ошол эле учурда Максут Нарикбаев университети менен Кыргызстандын элчилигинин ортосундагы тыгыз байланыштын жана өнөктөштүктүн символу катары окуу жайдын ректору Сергей Пен Дастан Дюшекевге "Достык" орденин салтанаттуу түрдө тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий