• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын элчиси Кувейттин ТИМ башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев Кувейттин тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхъяга ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун алкагында министр Абдулла Али Аль-Яхья Нурлан Токобаевди Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматтагы иши кыргыз-кувейт мамилелеринин мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүнө, ошондой эле эки тараптын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Өз тарабынан элчи Нурлан Токобаев ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле жогорку деңгээлдеги пландалган сапарларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий