• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

КР Эмгек министрлиги менен РФ Эмгек талаш-тартыштарын чечүү борбору кызматташат

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Россиянын "Эмгек талаш-тартыштарын чечүү жана мигрант жарандардын социалдык жана эмгектик адаптациясына көмөктөшүү боюнча укуктук колдоо жана медиация борбору" автономдуу коммерциялык эмес уюму кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум Эмгек, ишке орноштуруу, миграция, эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө укуктук колдоо жана Медиация, социалдык-эмгектик адаптациялоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндө өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт.

Министрликтин атынан меморандумга министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу кол койду.

"Бул меморандум эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча биргелешкен ишибиздин башталышы боло алат. Министрлик бул кызматташуу эки тараптын эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоого болгон умтулуусунун көрүнүшү болот деп ишенет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий