• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстандын футбол тармагындагы жылдын мыктылары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 11.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун Бишкекте KFU Football Awards - Кыргызстандын футбол тармагындагы жыл мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Салтанаттуу саамалыкка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, спорт тармагынын өкүлдөрү жана блогерлер катышып, футболдогу жетишкендиктер үчүн жыл сайын өтүүчү, индивидуалдуу сыйлыктарды тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында төмөндөгү номинациялар боюнча жылдын мыктылары аныкталды:

- “Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу 2024” - Кожо Жоэл;
- “Кыргыз Республикасынын футзал боюнча мыкты оюнчусу 2024” - Кубанычов Кайрат;
- “Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу 2024” – Боронбекова Айжан;
- “Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын мыкты жаш оюнчусу 2024” – Эрмек Кенжебаев;
- “Кыргыз Республикасынын футбол боюнча мыкты машыктыруучусу 2024” - Ислом Ахмедов;
- “Кыргыз Республикасынын футзал боюнча мыкты машыктыруучусу 2024” - Мирланбек Абдыкадыров;
- “Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу 2024” -Гулбара Уматалиева;
- “Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу 2024” – Гулбара Уматалиева
- “Кыргыз Республикасынын футбол боюнча мыкты калысы 2024” - Вероника Бернацкая;
- “Кыргыз Республикасынын футзал боюнча мыкты калысы 2024” - Талантбек Раимбердиев;
- Мыкты футбол клубу 2024 – “Абдыш-Ата”футболдук клубу;
- Мыкты регионалдык уюм - Жалал-Абад облусунун футбол ассоциациясы;
- Мыкты спорттук уюм – “Барселона” футбол академиясы.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун “2024-2034-жылдары Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык аталган номинациялардын ичинен “Жылдын мыкты футболчусу” жана “Жылдын мыкты 500 000 сом өлчөмүндөгү атайын сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий