Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) расмий сайтында футзал боюнча улуттук курамалардын тарыхтагы алгачкы рейтингин жарыялады. Кыргызстандын командасы 41-орунду ээлеп, дүйнөнүн эң мыкты 50 командасынын катарына кирди.
Акшумкарлардын капчыгында 1091,36 упай бар. Алдыңкы бештикке Бразилия, Португалия, Испания, Иран жана Аргентина кирген.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн командалары:
- Казакстан 8-орунда;
- Өзбекстан 11-орунда;
- Тажикстан 33-орунда;
- Түркмөнстан 66-орунда.
Рейтингде жалпысынан 139 команда бар.
Пикир
Оставить комментарий