• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстандын гольф оюнчулары биринчи жолу эл аралык турнирде күмүш медалга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандын Гольф федерациясынын курама командасы Uzbekistan Open 2024 ири эл аралык ачык гольф турнирине катышып, күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу Гольф федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге 12 өлкөдөн 120 гольф оюнчулары катышып, Кыргызстандын гольф оюнчулары биринчи жолу ар бир сунушталган номинацияда байгелүү орундарга ээ болушту.

Кыргыз Республикасынын Гольф федерациясынын командасынын курамында 10 спортчу болуп, бешөө ардактуу байгелүү орундарды ээледи:
I-орун - Бейбут Капышев;
II-орун Урмат Акматов;
III-орун – Мадина Ишенова;
III орун – Нургүл Тусупова;
III орун- Эльдар Нарбеков.


Кыргыз Республикасынын Гольф федерациясы кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда гольф активдүү өнүгүү стадиясында туруп, гольф оюнчулары чет өлкөлөрдө ийгиликтүү өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий