Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярдык көрүүдө.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, окуу-машыгуу жыйыны 9-августтан 23-августка чейин Россиянын Владикавказ шаарында өтүп жатат.
Курама команданын тизмеси:
- 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг Амантур Исмаилов;
- 67 кг Раззак Бейшекеев;
- 77 кг Акжол Махмудов;
- 87 кг Атабек Азисбеков;
- 87 кг Азат Самидинов;
- 97 кг Үзүр Жусупбеков;
- 97 кг Бексултан Махмудов;
- 130 кг Роман Ким.
Курама команданын машыктыруучулары:
- Улукбек Карачолоков - улук машыктыруучу;
- Азат Эркинбаев – башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий