• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде КР эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Малайзияда жашаган мекендештер, бул өлкөдө билим алып жаткан студенттер, ошондой эле жеке жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Элчиликтин кызматкерлери жана диаспора өкүлдөрү салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын майрамдар жана юбилейлер менен куттуктап, өлкөбүздүн жетишкендиктери, атап айтканда Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына Кыргызстан боюнча 100 өнөр жай ишканалары ишке киргендиги, жана кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүгүшү тууралуу маалымат беришти.

Салтанаттуу иш-чара "Манас" баатырдык эпосунан үзүндү айтуу, комуз чертүү, Мамлекеттик тил күнүнө карата (23-сентябрь) видео-флешмоб роликти көрсөтүү, ошондой эле улуттук тамак-аштарды тартуулоо менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий