• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

15-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-апрелде, Ысык-Көл облусунун чыгышында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 22…27, Таласта 21…26, Ысык-Көлдө 16…21, Нарында 16…21 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 24…29 градуска жетет.

Бишкекте күн ачык болот, абанын температурасы күндүз 25…27 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий