• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги окуучулар үчүн ачык сабактарды уюштурду

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. 11-декабрь – Эл аралык тоо күнүнө карата Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттеринин жардамы менен мектеп окуучулары үчүн бир катар ачык сабактарды уюштурду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара жаштар арасында бул күндүн маанисин, Кыргызстандын эл аралык аренада алдыга жылдырган демилгелери, ошондой эле тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн жана адамдардын жашоосундагы тоонун ролу боюнча маалымдоого багытталган.

Ачык сабактардын алкагында окуучулар тоо экосистемаларынын маанилүүлүгүн, алардын климатка жана адам жашоосуна тийгизген таасирин, ошондой эле тоолуу аймактардын жаратылыш өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын маданий каада-салттары жана элдин уникалдуу маданиятын жана жашоо образын калыптандырууда тоолордун ролу темасы да козголду. Окуучулар тоолордун жаратылыш ресурстарынын байлыгы жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн аларды сарамжалдуу пайдалануунун маанилүүлүгү менен таанышты.

Ачык сабактар мектеп окуучуларынын арасында кызуу пикирлерди жаратты. Талкуунун жүрүшүндө окуучулар өз ойлору менен активдүү бөлүшүп, суроолорду берип, тоолуу аймактардын жаратылышын сактоого багытталган ар кандай демилгелер тууралуу маалымат менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий