Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы лицензиялык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Таиланддын Пхукет шаарында 27-мартта башталган, 12-апрелде жыйынтыкталат. Ага 109 өлкөдөн келген 409 спортчу катышууда.
3-апрелден тарта кыргызстандык спортчулар килемге чыгат. Алгачкылардан болуп Эльзар Таиров (73 кг) өз күчүн сынап көрөт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да башталат.
Курама команданын тизмеси:
- Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг);
- Эмил Молдодосов (89 кг);
- Ишимбек Муратбек уулу (67 кг);
- Эльзар Таиров (73 кг);
- Нурсултан Тармалов (96 кг).
Курама команда башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
Пикир
Оставить комментарий