• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Тоо күнүнө арналган музыкалык кече уюштурду

Маданият 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде эл аралык Тоо күнүнө арналган адабий-музыкалык кече өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Поэзия кечесинин катышуучулары диаспоранын активисттери, кыргызстандыктардын Москвадагы адабий клубдарынын, КР Улуттук жазуучулар союзунун жана Эл аралык жазуучулар союздарынын коомчулугунун, Россиянын Адабий фондунун, РФ жазуучулар союзунун Москва облустук башкармасынын өкүлдөрү болушту.

Элчиликтин кеңешчи-кичи элчиси иш-чараны ачып жатып Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына, элдин бакубаттуулугу көз каранды болгон суу, азык-түлүк жана энергетикалык ресурстарды камтыган тоо кыркаларына кам көрүү зарылдыгын белгиледи. Ал тоолорду туруктуу өнүктүрүү маселесине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Кыргызстан тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн БУУнун алкагындагы эл аралык демилгелери жана негизги иш-чаралар тууралуу кыскача маалымат берди.

Конокторго республиканын тоо күн тартибин жайылтуудагы жетишкендиктери тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргызстандын улуу тоолорунун кайталангыс кооздугуна арналган көркөм сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Кече КР Улуттук жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында достук жана Кыргызстандын жаратылышы тууралуу ырларды окуу менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий