• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү: "Кылымдардын мурасы" көргөзмөсү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Москва шаарындагы декоративдик искусство музейинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган "Кылымдардын мурасы" көргөзмөсү ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиишкендей, иш-чара Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулган.

Көргөзмө кыргызстандык байыркы чеберлердин дүйнөлүк маданиятка кошкон баа жеткис салымдарын көрсөтүп, экспозицияда байыркы мезгилдерден бери сакталып келген кымбат металлдардан жасалган жогорку өнөрчүлүк чыгармалары коюлган.

Көргөзмөдө кыргыздын салттуу турак жайы - боз үй тигилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү 19-октябрда башталган. Анын алкагында Москвада кыргыз киносунун күндөрү, Кыргызстандын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын “Достук көпүрөсү: Кыргызстан менен Россиянын маданий жана илимий кызматташтыгы” аттуу форуму өттү.

Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүнө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкүлдөр, кыргызстандык маданият ишмерлери жана өнөрпоздор катышууда.

Пикир

Оставить комментарий