• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте КМШ жаштарынын Дельфи оюндары расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 08.10.23. /Кабар/. Кечээ, 7-октябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жаштарынын XVII Дельфи оюндары салтанаттуу ачылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, КР Дельфи комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев жана Эл аралык Дельфи комитетинин директору Владимир Понявин сөз сүйлөп, Дельфы оюндарынын маани- маңызы жана аны өткөрүүнүн максаттуулугуна токтолушту. А

Алтынбек Максутов Дельфи оюндары өсүп келе жаткан муунду жана Шериктештик өлкөлөрүнүн жаштарын бириктирген жана өлкөлөрдүн ортосундагы достукту чыңдоого өбөлгө түзгөн уникалдуу окуя экендигин айтып, чыгармачыл жаштарды жана маданий долбоорлорду колдоо биздин милдетибиз деп белгиледи.

«Биз искусствону каржылоонун жана колдоонун жеткиликтүү механизмдерин түзүү, ошондой эле маданий билим берүүнү өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз. Таланттуу жаштарыбыз үчүн эл аралык алаканы жана маданий диалогду өнүктүрүүгө умтулуп, чыгармачыл жаштар шарттарды түзүү биздин максат. Он жетинчи Дельфы оюндарына катышуу жаңы жетишкендиктерге көпүрө болуп, көптөгөн кубанычтуу мүнөттөрдү жана жаңы досторду тартуулайт деп ишенем. Катышуучуларга эргүү жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм”, - деп билдирди министр.

Салтанаттуу иш-чарада Дельфи оюндарынын уюштуруучуларына, катышуучуларына жана конокторуна КР президенти Садыр Жапаровд жана Россия президенти Владимир Путиндин куттукттоолору окулуп, анда Дельфы оюндары Шериктештик мейкиндигинде кеңири таанылганын, масштабдуу долбоор жаштарга искусстводо өз жолун табууга, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде өзүн көрсөтүүгө жана абройлуу чеберлердин баасын алууга жардам бере турган аянтча экениндиги тууралуу баса белгиленди.

Андан соң салтанаттуу иш- чара атайын даярдалган концерттик программа менен уланып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Эске салсак, КМШга катышкан мамлекеттердин он жетинчи жаштар Дельфы оюндарын уюштурууну жана өткөрүүнү КР Маданият министрлиги, КР Дельфи комитети, КМШнын Аткаруу комитети, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын кызыкдар бийлик органдарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын катышуусунда ишке ашып, Эл аралык Дельфи комитетинин колдоосу астында өткөрүлүүдө.

Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки, Шериктештик өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болгон командалардын курамында 600гө жакын улан-кыздар катышып, фортепиано, скрипка, көркөм сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча 10 номинация боюнча сынактарга катышат.С

Сынактын калыстар тобуна КМШ өлкөлөрүнүн 30дан ашык көрүнүктүү искусство ишмерлери, сүрөтчүлөрү, профессорлору жана искусство таануу илимдеринин докторлору кирет.

Пикир

Оставить комментарий