Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Татарстындын Казань шаарында өткөн Гран-при кубогунда 3 коло медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 6-7-декабрь күндөрү өтүп, ага 5 өлкөдөн 150дөн ашык спортчу катышты.
71 килограммга чейинки салмак ченинде Байэл Жакшылыков спорттук самбо боюнча коло медаль, Шерзат Кудайбердиев күжүрмөн самбо боюнча коло, ал эми Бекболот Токтогонов спорттук самбо боюнча 98 килограммдан жогорку салмакта коло медалга ээ болушту.
Улуттук курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги астында мелдешке катышкан.
Пикир
Оставить комментарий