Кыргызстандын Социалдык фонду 78 чет өлкөлүккө пенсия чектеди

Коом 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Социалдык фонду 78 чет өлкөлүккө пенсия чектеди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Учурда КР Социалдык фонду тарабынан 78 жаранга пенсия чектелди, анын ичинен:

  • Россиянын 69 жараны (1 жаран Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык пенсияга өткөн, 1 жаран узак мөөнөткө төлөнбөгөндүктөн пенсиясы токтотулган),
  • Казакстандын 8 жараны (анын ичинен 2 жаран арызынын негизинде пенсиялары токтотулган),
  • 1 Беларусь жараны (Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына ылайык пенсияга которулган).

Ошондой эле Россия Кыргызстандын 51 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.

Пикир

Оставить комментарий