• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын сулуулары балдар жана карылар үйлөрүнө барышты

Коом 0

Бишкек, 12.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кечээ Кыргызстан сулуусу-2017 улуттук сынагынын катышуучулары Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнө жана карылар үйүнө барышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине «Beauty Company» директору Рыскүл Намазбекова билдирди.

11-сентябрда сулуулар карылар үйүнө барып, анын жашоочуларынын тагдырларына көздөрүнө жаш ала таасирленишкен. Ал эми карылар кыздарга үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик каалашты.

Андан соң сынактын катышуучулары Беловодск балдар үйүндөгү балдарга учурашып кайтышты.

Бүгүнкү күнү бул балдар үйүндө 60 бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий