• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте “Art-Ordo-2017” Эл аралык театралдык фестиваль ачылды

Маданият 0

Бишкек, 12.09.17. /Кабар/. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Art-Ordo-2017” Эл аралык театралдык фестивалынын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Фестивалдын ачылыш аземинде кызыл килемден КРнын эмгек сиңирген эл артисттери, калыстар тобу, көрүнүктүү сынчылар жана Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Татарстан жана Өзбекстандан келген театрлар жамаатынын өкүлдөрү өтүштү.

Фестивалда бардыгы болуп 13 театр катышууда.

Маданий иш чара 16-сентябрга чейин уланмакчы. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий