Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-январь түнү саат 23:36да Ош жана Жалал-Абад облустарында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий