Кыргызстандын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-20-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

"Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий