• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү жана кар күрткүсүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 9-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий