Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий