• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сак болуңуз! Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Жакынкы үч саат аралыгында, ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий