Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-17-август күндөрү Түркияда расмий визит менен барат.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, визиттин алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү, биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өтөт. Анын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланмакчы.
Андан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт.
Пикир
Оставить комментарий