• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Дохада кыргыз-катар кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Кечээ, 1-майда Доха шаарында КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катардын премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн мамилелерин келечекте өнүктүрүү, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде сапарларды уюштуруу маселелери каралды.

"Тараптар өз ара кызматташтыкты активдештирүү боюнча биргеликте иштерди улантуу жөнүндө макулдашышты жана белгиленген эки тараптуу иш-чараларды ишке ашырылуусу кыргыз-катар мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө мүмкүчүлүк түзө тургандыгын белгилешти. Шейх Мухаммед бин Абдулрахман Аль-Тани Нуран Ниязалиевге кыргыз-катар кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы кызматтагы ишине ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий