• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент А.Атамбаевдин төрагалыгы алдында ЖЕЭК жыйыны башталды

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республика Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, андан тышкары Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышууда.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчыларын Президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды.

Жалпы сүрөткө түшкөндөн кийин делегация башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында тар чөйрөдө өтө турган жыйынына катышуу үчүн залга бет алышты.

Пикир

Оставить комментарий