• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандын Украинадагы жарандарын эвакуациялоонун дагы бир кошумча каттамы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги менен Украинадагы элчилиги Кыргызстандын жарандарын Словакия аркылуу эвакуациялоо маселесин иштеп чыгышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда куралдуу кармаш жүрүп жаткан Украинадагы кыргызстандыктар мекенине Кошице - Стамбул - Бишкек каттамы менен келишмекчи.

ТИМдин маалыматында айтылгандай, эвакуация маселеси боюнча КР Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

КР ТИМи Украинанын шаарларында жалпысынан туруксуз жана кооптуу кырдаал байкалып жатканын, ошондуктан Украинанын аймагында убактылуу же туруктуу жүргөн КРнын жарандарына, эгерде алардын коопсуз жашаган жери болсо, абал турукташканга чейин алардын жашаган жерлеринде калууну сунуштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин КР ТИМи жана Украинадагы элчилиги кыргызстандыктарды Венгрия жана Румыния аркылуу эвакуациялоо маселесин иштеп чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий