Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Акыркы убактарда шылуундар активдешип, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын жана Кыргызнефтегаздын атынан акча каражаты берилет, деп жалган билдирүүлөрдү таратып жатышат, деп билдирет Улуттук банк.
Финансылык жөнгө салуу органынан белгилешкендей, бул ирет белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, алдамчылар Улуттук банк Кыргызнефтегаз менен биргеликте акционерлерге төлөм жүргүзүүнүн уникалдуу системасын иштеп чыкканын кабарлашып, жарандарды ссылка боюнча катталып, 50 миң сом өлчөмдөгү акча каражаттарын алуу үчүн катталууга чакырышты. Анын натыйжасында шилтемеге кирген жарандар жеке банктык маалыматтарын алдамчылардын колуна өткөзүп берүү коркунучу турат.
Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар!
"Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз!
Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин жазбаңыз. Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!" - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий