Бишкек, 25.01.24./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады.
Бүгүн турнирдин "F" тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында Кыргызстан менен Омандын курамалары Абдулла бин Халиф стадионунда оюн өткөрдү.
Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.
Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэл экинчи таймдын 80-мүнөтүндө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип, оюн эсебин теңеди. Бирок Кыргызстан тайпадан кийинки баскычка чыга алган жок.
"Ак шумкарлар" 1 упай менен мелдешти жыйынтыктады.
Кыргызстан менен Оман курамалары тең чыгуу менен Азия Кубогунун "D" тайпасындагы Индонезияга кийинки баскычка өтүүгө жолдомо "тартуулашты".
Пикир
Оставить комментарий